• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Екатеринбургда жол кырсыгынан 4 кыргызстандык жабыр тартты

Кырсык 0

БИШКЕК, 21.08.17 /Кабар/. Орусиянын Екатеринбург шаарында жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны жабыркады,- деп жазат «Вечерние Ведомости» басылмасы. Жол кырсыгы 21-августка караган түнү болгон. Учурда кырсыктын келип чыгышынын чоо-жайы иликтенүүдө.

ИИМдин Свердлов облусунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Citroen авто унаасынын айдоочусу Кыргызстандын жараны жогорку ылдамдыкта бара жатып, бордюрга андан соң тосмого барып урунган.

Жол кырсыгынын натыйжасында, унаанын ичиндеги 4 жүргүнчү жабыркап, ар кандай даражадагы жарааттары менен ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий