• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Эксперт Бекешовдун айткандары жөнүндө: Эгер мамлекеттик ЖМКлар жоюлса, анда биздин коом кимдин күн тартибинде жашайт?

Коом 0

Эксперт Бактыбек Саипбаев Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча парламентте агенттиктин техникалык базасын чыңдоо маселесин кароодо айткан пикири менен макул эмес.

Анын айтымында, ар бир адам мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары менен көз карандысыз деп аталган маалымат каражаттарынын ортосундагы айырмачылыкты билет.

"Албетте, муну депутат дагы билиши керек. Бийликтин расмий органы окурмандардын санына жана аудиторияга таасир этүүчү жалган маалыматтарды үгүттөп, же кайталай албайт. Бул дайыма ушундай болуп келген, маалымат каражаттарынын табияты ушундай.

Эми келгиле өткөн жылы Тажикстандын аскери Кыргызстандын аймагына бастырып киргенде эмне болгонун эстеп көрөлү. Анда либералдуу деп аталган, айрыкча сырттан каржыланган ЖМКлар маалыматтарды бурмалап, анын ичинде биздин аскерлер Тажикстандын аймагына кирип барып, айылдарды аткылаган деген жалган маалымат таратты. Муну баары унутуп калыштыбы? Ошондо ушул "Кабар" агенттигинин маалымат штабы турукташтыруучу роль ойноп, күнүнө бир нече маалымат жыйындарды өткөрүп, коомчулукка кагылышуу болгон аймактан жеринде объективдүү маалымат берип жатты. Депутаттар муну эстеп, ошол кырдаалда кандай бурулуш жасалганын түшүнүшүн каалайм. Андыктан мамлекеттик маалымат каражаттарынын ишине тоскоолдук кылуунун кереги жок", - дейт ал.

Саипбаев белгилегендей, биз чет өлкөлүк гранттардын эсебинен каржыланган агенттиктердин күн тартиби менен жашабашыбыз керек. Эгемен өлкөнүн өзүнүн көз карандысыз маалыматтык саясаты жана күн тартиби болуш керек. Аны алдыга жылдыруу - мамлекеттик ЖМКлардын милдети.

"Мени ЛГБТнын лоялдуулугун колдогон айрым депутаттар таң калтырат. Ырас алардын турмушка, маданиятка көз карашы ушундай болсо Кудайга койдук. Бирок анда башка маселелерге да толеранттуу болушсун да.

Эгер азыр биз мамлекеттик ЖМКларды жаап салсак, анда биздин коом кимдин күн тартибинде жашайт, ал кимге карап багыт алат? Фейктер - булар эч жакка бара албаган жалган жол, мамлекеттик позиция так жана тынч болушу зарыл. Муну өзгөчө урматтуу депутаттар түшүнүшү керек.

Мамлекеттик ЖМКлар ар дайым расмий органдар тарабынан такталган маалыматты берет. Көз карандысыз деп аталган агенттиктер пикирлер палитрасын беришет, бирок алар көбүнчө фейктерди кыянаттык менен колдонушат. Биздин өлкөдө чет элдик пропаганда кандай жүрүп жатканын билем. Алар мени эксперт катары көрсөтүүлөргө, интервьюларга чакырышты, бирок башталганга чейин эмнени айта аласың, эмнени айта албайсың деген шарттарды ачык эле коюшту. Ачык айтканда менин тигил же бул позицияда экенимди түзмө-түз талап кылып, ушул шартта гана тартууга даяр болушкан. Бул эркин ЖМКбы? Мунун сөз эркиндигине кандай тиешеси бар?", - деп суроо салды Бактыбек Саипбаев.

Пикир

Оставить комментарий