• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Бекназаров Малайзиянын королуна ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 10.07.20./Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров король Е.П. Абдулла II ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, грамота тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Малайзиянын Улуттук сарайында өткөн.

"Жолугушуунун алкагында элчи Бекназаров Кыргызстан Малайзия менен ар тараптуу кызматташууга умтула тургандыгын билдирди. Өз кезегинде Малайзиянын королу элчини дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн ортосундагы алакалардын өнүгүшүнө чоң салым кошоруна ишеним билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий