• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Анкарадагы көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Күн мурун Анкарада «ATO Congresium» көргөзмө борборунда "TRAVELEXPO ANKARA" аттуу бешинчи эл аралык саякат жана туризм көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, көргөзмөнүн ачылышына 25тен ашык чет өлкөдөн туристтик компаниялар жана операторлор, Анкарада жайгашкан 16 чет мамлекеттердин элчиликтери, анын ичинде КРнын Түркиядагы элчилиги катышты.

Иш-чаранын ачылышына элчи Кубанычбек Өмүралиев, Анкара провинциясынын губернатору Васип Шахин, муниципалитеттердин башчылары, Анкара шаарынын жана Түркиянын башка провинцияларынын Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери да катышкан.

Көргөзмөнүн ачылышында элчиликтин стендине Анкара провинциясынын губернатору В. Шахин жетектеген расмий өкүлдөр келип таанышышты. Элчи Өмүралиев конокторго Кыргызстан, анын туристтик потенциалы, стендге коюлган кыргыз маданиятындагы жана элдик турмушундагы буюмдар жөнүндө маалымат берди.

Көргөзмө 2022-жылдын 7-мартына чейин өтөт.

Маалымат үчүн: «TRAVELEXPO ANKARA» эл аралык саякат жана туризм көргөзмөсү – Түркиянын Туризм жана Маданият министрлигинин, Анкара Соода палатасынын (ATO), Түркиянын саякат агенттиктеринин ассоциациясынын (TURSAB) колдоосу менен «ATIS Fairs» компаниясы тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү туристтик иш-чара.

Пикир

Оставить комментарий