• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Султанбаев Минскте “КМШ өлкөлөрүнүн тил саясаты” III эл аралык конгрессине катышты

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Минск шаарында өтүп жаткан “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн тил саясаты” III эл аралык конгрессине катышты. Бул тууралуу КР ТИМддин басма сөз кызматы билдирет.

Конгрессте КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясаты, мектептерде жана жогорку окуу жайларында чет тилдерди окутуунун заманбап ыкмалары, чет тилдерди окутууда санариптик технологияларды интеграциялоо, аралыктан окутуу жана башка темалар талкууланат.

Кыргызстандын элчиси, КМШдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаев өз сөзүндө азыркы көп тилдүү жана көп маданияттуу дүйнөдө болуп жаткан процесстер Шериктештик өлкөлөрүнүн билим берүү жана лингвистика тармагындагы адистеринин деңгээлинде ойлонуу, талкуулоо жана талдоону талап кылганын белгиледи. Мунун баары конгресстин максаттарында жана милдеттеринде чагылдырылып, тил саясатынын маселелери, ошондой эле өз өлкөлөрүндө тил жана кеп маданияты жаатындагы көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге конгрессте талкууланат.

Кыргызстанда тил саясаты маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгилеген Эрбол Султанбаев өлкөдө конституциялык статуска эки тил ээ болгонун билдирди: мамлекеттик тил макамына ээ болгон кыргыз тили жана расмий тил катары колдонулган орус тили. Ү.ж. июль айында мамлекеттик тилди колдонуунун жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилеген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жаңы Конституциялык Мыйзамы кабыл алынган.

Мындан тышкары, элчи Кыргызстанда ошол эле учурда коомдун дээрлик бардык чөйрөлөрүндө кеңири колдонулуп жаткан орус тилин өнүктүрүүгө чоң маани берилерин жана аны үйрөнүүгө болгон муктаждык жана кызыкчылык ар дайым актуалдуу болгонуна ишенгенин билдирди.

Иш-чаранын максаты - илимий, билим берүү жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда көп тилдүүлүк көйгөйлөрүн кеңири эксперттик талкуулоо, илим жана билим берүү чөйрөсүндө көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук жана көп конфессиялуулук маселелерин, тилдердин жана маданияттардын азыркы шарттарда өз ара аракеттенүү көйгөйлөрүн талкуулоо жана башкалар болуп саналат.

Конгресс өз ишин бүгүн баштады, 29-ноябрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий