• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Элдик курултайдын делегаты кыргыз мигранттарынын коопсуздук маселесин көтөрдү

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Элдик курултайдын делегаты, Россия Федерациясынын Петропавловск-Камчатский шаарындагы "Мекендештер улуттук маданий автономиялуу" уюмунун төрайымы Нура Курманбекова мигранттардын маселесин көтөрдү.

Делегат өз сөзүндө миграцияга кеткен кыргызстандыктардын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

"Биз алардын коопсуздугун, кайра мекенге кайтарып келүү программаларын иштеп чыгышыбыз керек. Чет жакта жүргөн мекендештер менен иш алып барууда көйгөйлүү маселелер жаралгандыктан бир катар сунуштарды алып чыктык", - деди делегат.

Курманбекова миграцияга аттанып жаткан эмгек мигранттарын алдын ала даярдоо муктаждыгы жаралып жаткандыгын айтты.

"Мекендештерибиз Россия Федерациясына келгенде ар кандай шылуундарга алданып, РФнын Кылмыш-Жаза кодексинин "баңгизат, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, жалган каттоо" беренелеринин негизинде эркиндигинен ажыратылууда. Бул көйгөйлөрдүү чечүү максатында Россия Федерациясында укуктук кеңеш берген коомдук уюмдар менен Кыргызстандын тиешелүү органдары менен биргеликте мекендештерди социалдык жана укуктук таануу жагынан даярдоо боюнча тыгыз иш алып барууну сунуштайбыз", - деди ал.

Делегат Россияга эмгектенүүгө барган мекендештердин балдарына милдеттүү медициналык камсыздандыруу берилбей жаткандыгын айтты. "Буга байланыштуу эл аралык келишимдин 98-беренесинде көрсөтүлгөндөй балдарга милдеттүү түрдө камсыздандыруу берилүүсүн толук кандуу ишке ашырып берүүнүздөрдү суранабыз", - деди чет жактан келген делегат.

Белгилей кетсек, президент ушул жылдын май айында мектептерде акча чогултууга жана фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий