• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эмгек министрлигинде аймактар менен видеобайланыш уюштурууга шарт түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Коомдук кабылдамасына компьютердик жабдуулар жана оргтехника тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Видеобайкоо үчүн жабдуулар, кеңсе жана оргтехника БУУӨПтүн "Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана сот адилеттигине бирдей жетүүнү күчөтүү" долбоорунун алкагында берилди .

Министрдин орун басары Жаңыл Алыбаеванын айтымында, коомдук кабылдамага кызмат алуучулар ар кандай маселелер боюнча кайрылышат. "Министрлик социалдык камсыздоо, ишке орноштуруу, кесиптик окутуу, миграция чөйрөсүндөгү кызматтар менен өлкөнүн дээрлик бардык калкын камтыйт. Коомдук кабылдамадан укуктук маселелер боюнча, айрыкча эмгек мыйзамдары боюнча консультация алуу үчүн да кайрылышат.

"БУУӨП долбоору Кыргызстандын калкынын аялуу катмарларынын укуктук жардамга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу менен алардын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүүгө багытталган. Долбоордун компоненттеринин бири жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жол-жобосуна инновациялык технологияларды киргизүү болуп саналат. Министрликтин коомдук кабылдамасын техникалык жактан жабдуу аймактардагы калк менен видео-байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий