• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта түтүнгө ууланып, эне-бала каза болду: Үйдү жылытуу үчүн чаканын ичине от жагышкан

Кырсык 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Суу айылындагы Оторбаев көчөсүнүн №133 дарегинде жайгашкан турак үйдүн өрт чыккан. Алар үйдү жылытуу максатында чаканын ичине от жагып, бөлмөнүн ичи түтүн болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, тилсиз жоонун кесепетинен 1982-жылкы И.Ф., аттуу апасы жана 2004-жылкы А.К., аттуу кызы каза болгон.

Маалыматка ылайык, дагы эки адам жабыркаган. Алар: 2006-жылкы У.К., аттуу баласы жана 2013-жылкы А.К., аттуу кызы.

Каза болгон 2 адамдын жансыз денеси туугандарына өткөрүлүп берилген. Ал эми жабыркаган 2 адам облустук ооруканага жеткирилген.

Эске сала кетсек, кечээ Саламаттык сактоо министрлиги өрттөн жабыркагандар оор абалда ооруканага жеткирилгендигин билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий