• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Европанын эң бай адамы аныкталды

Дүйнө 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Европанын эң бай адамы болуп Louis Vuitton Moët Hennessy компаниялар тобунун президенти Бернар Арно аталды. Ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын дүйнөлүк рейтингинде төртүнчү орунду ээлеген,-деп маалымдайт Bloomberg.

Bloomberg Billionaires Index версиясы боюнча Арно Inditex компаниянын экс-президенти Испаниялык Амансио Ортегуну озуп өткөн. Агенттик миллиардердин байлыгын 70,7 миллиард доллар деп баалаган.

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде Арнонун алдында Amazonдун негиздөөчүсү Джефф Безос, Microsoft негиздөөчүсү Билл Гейтс жана Америкалык ишкер Уоррен Баффетт турат.

Louis Vuitton – Француз мода үйү, 1845-жылы негизделген.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий