• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Facebook дүйнө жүзү боюнча суициддик постторду иликтейт

Дүр дүйнө 0

Facebook жасалма интеллекти дүйнө жүзү боюнча суициддик постторду иликтөө боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алды. Колдонуучулар постторго жана видео байланышка көзөмөл жүргүзгөн технологияны өз алдынча өчүрө алышпайт.

Facebook жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен колдонуучулардын суициддик постторун аныктоого шарт түзгөн система жакшыртылганы жөнүндө билдирди.

Бул тууралуу социалдык тармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг маалымдады. Ал мындан ары ресурска мындай колдонуучулардын досторунун кайрылуусунун кажети жоктугун белгиледи. Соцтармактын өкүлү функцияны өчүрүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

Өзүн өзү өлтүрүүлөрдү алдын алууга багытталып түзүлгөн система колдонуучулардын билдирүүлөрүн талдап, досторуна аларга жардам керектигин эскертип турат. Буга чейин технология колдонуучуга же досторунун бирине колдоого жардам сурап кайрылууну талап кылса, эми жасалма интеллект бул жөнүндө өз алдынча модераторго билдире алат. Система колдонуучунун билдирүүлөрүн “окуган” сыяктуу эле, анын Facebook Live берүүлөрүн да “көрөт”. Эгерде ал “өзүн өзү өлтүрүү жөнүндө ойдун” белгилерин тапса, бул билдирүүлөр Facebook атайын окутулган модераторлоруна жөнөтүлөт. Алар өз кезегинде коркунуч алдындагы колдонуучу менен байланышуу аракетин жасашат.

Facebook продуктуларын башкаруу боюнча вице-президенти Гай Розен жакшыртылган системанын артыкчылыгы анын колдонуучунун абалын жакындары сезгенге чейин жардам көрсөтө алышында экенин белгилейт.

Булагы: FORBES

Пикир

Оставить комментарий