• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Финансы министри «Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» ишмердүүлүгү менен таанышты

Экономика 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, иш сапарынын жүрүшүндө Бакетаев жаңы насыялык продуктуларды иштеп чыгуу жолу менен бизнесмендерге шарт түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

"Илимдин жетишкендиктерин практикага киргизүү, ар бир региондун негизги өндүрүш тармактарына жараша ар бир регион үчүн кредиттик продуктуларды жекече иштеп чыгуу зарыл. Ишкерлерди көбүрөк тартуу үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендерин төмөндөтүү зарылдыгы бышып жетилди", - деди министр.

Башкармалыктын төрагасы Ишенбек Медетов компания Финансы министрлигине өткөндөн кийин аткарылган иштер тууралуу айтып берди. Алсак, кредиттик портфель 6 эсеге көбөйгөн жана 682 млн сомду түзгөн, карыз алуучулардын саны 2,5 эсеге көбөйгөн жана 921 адамды түзгөн. Компаниянын кирешеси 6,6 эсеге көбөйүп, 25,3 млн сомду түздү.Төрага 2024-жылга коюлган милдеттерди аткарууга даяр экендигин билдирди.

Эске салсак, аталган компаниянын милдети - чакан жана орто бизнести колдоо, жарандар үчүн жаңы, кирешелүү стартаптарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Министрлер кабинетинин чечими менен 2022-жылдын 4-мартында компания Финансы министрлигине өткөрүлүп берилген. Финансы министрлиги биринчи кезекте компаниянын уставдык капиталын 36 эсеге көбөйтүп, 17 миллиондон 620 миллион сомго чейин жеткирген.

Пикир

Оставить комментарий