• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Финпол ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) өзгөчө ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясы чет мамлекеттердин аймагына товарларга төлөм деп жамынып алып, 23 миллион АКШ доллар (1 млрд 633 млн 563 миң 970 сом) өлчөмүндө акча каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топтун ишин аныктап, алардын ишине бөгөт койгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы аталган кылмыштуу топтун ишмердигинин натыйжасында, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды.

Ушул жылдын 12-ноябрында акча каражаттарын чыгарууну жүзөгө ашырып келген “Т.М.” деген жаран кылмышка шектүү деп кармалып, 14-ноябрда баш коргоо чарасы каралып, камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Финполдон кошумчалашкандай, аталган кылмышка шектүү адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий