• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Финполдун башкармалык башчысы кармалды. Анын 4 млн долларлык байлыгы табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы, майор Т.А.Р. кармалды. Ал Финполдун жетекчилик кызматта иштеп турганда Ош жана Бишкектин аймагында 15тен ашык кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Мүлктөр анын туугандарына катталган.

Ошондой эле Т.А.Р. Ош шаарында 13 кабаттуу үй, ресторан, дүкөн жана май куюу жайлардын курулушуна ири суммадагы акча которгон.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча анын кыймылсыз мүлкү жана финансылык активдери 4 млн доллардан ашык бааланган. Ал жетекчинин мыйзамдуу кирешесине дал келбейт.

Т.А.Р. кечээ, 18-январда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий