• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Trend: Француз учкучу Өзбекстанда каза тапты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Trend: Өзбекстандагы Франция элчилигинин кызматкери учкуч-парапланерист Франсис Делег өткөн ишембиде Ташкенттен 80 км аралыктагы Чимган тоосуна кулаган. Бул тууралуу Facebook баракчасына альпинист, парапланерист жана тоо спорт түрлөрүнүн инструктору Георгий Требисовский жазган.

“Өзбекстандагы Франция элчилигинин кызматкери учкуч-парапланерист Франсис Делег парапландын канатынын бузулушунан улам Чимган тоосуна кулаган”,-деди Требисовский.

Анын айтымында, дипломат аскадан кулап каза болгон. Анын парапланынын канаты бузулуп, парашютту колдонууга же тууралоого убактысы жетпей калган.

Француз элчилигинин сайтында Франсис Делег ыкчам коопсуздук кызматынын аймактык жетекчиси, ошондой эле Тажикстан жана Түркмөстан боюнча компетенттүү болгондугу айтылат.

Элчилик анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына, кесиптештерине көңүл айтат.

Делег учкуч лицензиясын Франциядан алган. Ал Чимган тоолорунда айына 2-3 жолу учуп жүргөндүгүн өзбек парапланеристтери белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий