• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

II Элдик курултай. Делегат майыптыгы бар балдарга заманбап мектеп куруп берүүнү өтүндү

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Экинчи Элдик курултайдын делегаты Назгүл Төлөпбергенова мамлекет башчысынын жана жалпы катышуучулардун көңүлүн өлкөдөгү майыптыгы бар адамдарга бурду.

"Өлкөдө чындыгында жакшы иштер жасалууда. Мектеп, бала бакчалар салынууда. Бирок майып балдар үйлөрү, интернаттар көмүскөдө калууда. Майыптыгы бар балдар да заманбап жаңы мектептерде окушса деген чоң умүтүбүз бар. Ушул маселени карап берсеңиздер", - деди делегат.

Назгүл Төлөпбергенова жөлөк пул көтөрүлгөнү менен өлкөдө дары-дармек, азык-түлүк жана кийим-кечеге болгон баа өскөндүгүн баса белгиледи. "Жөлөк пул маселесин кайрадан карап, көтөрүп берүүнү суранабыз", - деди ал.

Ошондой эле делегат банкоматтарда көзү азиздер үчүн Брайл шрифтин киргизип берүү өтүнүчүн айтты.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий