• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

II Элдик курултай. КР ТИМдин дарегине делегаттардан 30дан ашуун кайрылуу келип түштү

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Экинчи Элдик курултайдын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев делегаттарды кабыл алууда, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жалпысынан минстрликтин дарегине 30дан ашык оозеки жана 4 жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн.

"Кайрылуулар негизинен чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелерин ачуу, эмгек мигранттары үчүн социалдык камсыздоо, ипотекалык насыялоо ж.б. маселелерге байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий