• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Үч шаардагы шайлоого байланыштуу жалпы 62 маалымат келип түштү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Үч шаарда өткөн шайлоого байланыштуу Ички иштер министрлигине 62 маалымат келип түштү. Анын ичинде Бишкек шаары боюнча 33 маалымат катталып, курамында мыйзам бузуу аныкталбагандыктан 24 факты наменклатуралык ишке чыгышталды. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын маалыматына караганда, добуш сатып алуу боюнча 2 факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

"Ош шаары боюнча 12 маалымат катталды, анын ичинде 5 факты боюнча Аймактык шайлоо комиссиясына караштуулугу боюнча жөнөтүлдү. Учурда 7 факт боюнча териштирүү жүрүүдө", - деди.

Макилов ошондой эле Токмок шаарында катталган мыйзам бузууларга токтолду. "Жалпы 17 маалымат катталды. 6 факт боюнча курамында мыйзам бузуу аныкталган эмес. Эки факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 7 факт боюнча териштирүү жүрүүдө", - деп айтып, бүгүнкү катталган бардык маалыматтар боюнча бир күндүн ичинде чечим кабыл алынышы керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий