• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаныбек Абиров кайрадан Ленин округунан ЖК депутаттыгына талапкер болду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Жаныбек Абиров кайрадан Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган округдан 9 талапкер (бардыгы өзүн-өзү көрсөтүү) шайлоого катышуу ниетин билдирген:

- 33 жаштагы активист Эртай Искаков;
- 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.
- 62 жаштагы "Партия Зеленых Кыргызстана" СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович;
- 40 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Ремнёв Роман Павлович;
- 65 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай;
- 66 жаштагы пенсионер Асылбеков Куттуубек Бообекович;
- 62 жаштагы врач, хирург-онколог Нышанов Назарбек Айтбекович;
- 69 жаштагы Айыл чарба министрлигинин кызматкери Мамаев Сулайман Шамшиевич;
- 76 жаштагы Аскер ардагери Токтогул Какчекеев.

Белгилей кетсек, аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте кафелердин бириндеги мушташ чырынан кийин мандатып тапшырган. Кийин БШКнын чечими менен 2023-жылдын 28-майында Ленин округунан кайра шайлоо өтүп, бирок, мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылган.

Андан соң БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий