• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

ИИМ: Өлкөдө жылына он миңдеген адам каржы пирамидасынын курмандыгы болот

Коом 0


Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Өлкөдө жылына он миңдеген адам каржы пирамидасынын курмандыгы болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Буга байланыштуу ИИМ жарандарга каржы пирамидалардын ишинин мыйзамсыздыгы жөнүндө жана жарандарга «инвестициялардын» ордуна жеңил жана тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет.

Өлкөдө жыл сайын он миңдеген жарандар каржы пирамидалардын курмандыгы болушат. Ар кандай каржы пирамидалар жарандардын чөнтөгүнөн
алынган акча менен өнүгүп жатат. Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет.

Белгиленгендей, көпчүлүк жабырлануучулар акчаларынан кол жууганына моюн сунушуп, алдамчыларга карата эч кандай аракет көрүшпөйт. Анын натыйжасында башка адамдарды алдоону улантууга өбөлгө түзүлүүдө.

"Урматтуу жарандар, эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болсо же сизге карата укукка каршы аракеттер болуп жатат деп шектенип жатсаңыз токтоосуз Ички иштер органдарына кайрылыңыз. Ички иштер министрлиги жарандарга мамлекетибиздин мыйзамдуу өкүлдөрү болгон мамлекеттик банктарга жана ипотекалык компаниялар менен гана өз ара кызматташууну сунуш кылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий