• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМ жарандарды интернет алдамчылыгынан сак болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды интернет алдамчылыгынан сак болууга чакырат, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Министрликтин маалыматына таянсак, учурда алдамчылар интернетте алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана схемаларын ойлоп таап, бул барган сайын кучак жайууда. Көптөгөн адамдар алардын торуна түшүп калуусун унутуп коюшат, ал эми шылуундар дал ушул нерсеге таянып, жаңы курмандыктарды издешет.

Социалдык тармактарда жарнамалык кампанияга жамынып, элдин көңүлүн буруу максатында алдамчылык аракеттер жасалууда. Ошол эле маалда алдамчылар өздөрүнүн жарнамаларында мамлекеттин биринчи адамдарынын, коомдук жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин, бизнес өкүлдөрүнүн фото жана видеолорун колдонушууда.

Министрлик белгисиз адамдар социалдык тармактарда, өзгөчө Telegram мессенджеринде кирешелүү делген инвестициялык долбоорлорду жарнамалап, аларды салым кошууга көндүрүп, убакытты жана күч-аракетти коротпостон акча которууну жана үзгүлтүксүз киреше алууну сунушташат. Бирок, аны табуу же кошкон салымды кайтарып алуу мүмкүн эмес экенин белгилейт.

"Алдамчылар өздөрүнүн курмандыктарын туш келди тандап алышат. Ошондуктан жарандар ыңгайсыз абалга дуушар болуп калбашы үчүн кыраакылыгын жоготпой, этият болушу керек. Эсиңизде болсун! Шектүү инвестициялык долбоорлорго салым кошуунун кереги жок!", - деп эскертет ИИМ.

Пикир

Оставить комментарий