• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМдин көчмө кабылдамасы 9 айда 5 миңге жакын жарандын кайрылуусун караган

Коом 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын 9 айында милициянын көчмө кабылдамалары 5 миңге жакын жарандардын кайрылууларын карап чыгышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 9 айда милициянын көчмө кабылдамасы 4777 жолу элге чыккан. Анын жүрүшүндө 9518 адам кайрылып, 6319 арыз жана кайрылуулар кабыл алынды, анын ичинен:

- коопсуздук менен байланышкан 569;
- өз алдынча башкаруу органдарга жиберилгендер 558;
- мамлекеттик органдарга жиберилгендер 274 социалдык суроолор боюнча жиберилген;
- 4918 учур боюнча юридикалык кеңештер берилип, ордунан чечилген.

Белгиленгендей, бардык катталган материалдар боюнча мыйзамдуу чечимдер кабыл алынууда.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө республиканын аймагында 59 автоунаа “Милициянын көчмө кабылдамалары” катары иштеп жатат. Баардык кабылдамалар атайын автоунаалар менен камсыз болгон. 58 автоунааларда GPS (ЖПС) каражаттары менен жабдылып, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматында атайын Мониторинг борбору түзүлүп, көзөмөлдөнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий