• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлерине жөө жүрүш уюштурулду – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 8-сентябрда Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлерине жөө жүрүш уюштурулду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов Бишкек шаарында жайгашкан түзүм бөлүмдөрүнүн бириккен отряддын атайын кызматтык деңгээлин жакшыртуу жана физикалык даярдыгын, марш ыргытуу жөндөмүн текшерүү максатында саптык кароо жана жөө жүрүш өткөрдү.

Жөө жүрүштүн эң негизги максаты - жарандарга дем берүү менен алардын коопсуздугу дайыма камсыздалып тургандыгын көрсөтүү, элдин ишенимин арттырууну.

Түзүлгөн тематикалык иш-мерчемдин негизинде өздүк курам Ички аскерлердин ок атуу талаасына чейин 4000 метр аралыкка "айгай" капчыгы жана тиешелүү экипировка менен чуркап жетишти.

Ок атуу талаасында өздүк курамга АК, АКС-74У үн чыгаруучу жана газдалган граналарды колдонуу боюнча практикалык сабактар өткөрүлүп, дене-тарбия жана күжүрмөн самбо боюнча сынак тапшырышты.

Ошондой эле саптык кароодо кызматкерлердин сырткы келбети, алардын кызматтык кийим кийүү эрежелеринин сакталышын, экипировкаларын жана кесиптик даярдыгы текшерилди.

Жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн жеткчилигине кызматтык күжүрмөн даярдыктар боюнча кошумча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий