• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Индияда сейрек кездешчү ооруга чалдыккан баланын бетин түк басып калган – сүрөт

Дүйнө 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Индияда 13 жаштагы Лалит Патидар аттуу бала бетин жүн каптаган сейрек кездешчү ооруга чалдыккан. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы кабарлаган.

Лалит Мадхъя-Прадеш штатынын Ратлам шаарында сейрек кездешкен гипертрихоз диагнозу менен төрөлгөн. Адамга түк ашыкча өсүп кетип, ал кадимкидей эле иттин жүнүнө окшоп калың чыгат. Бул оорунун тубаса формасы дарыланбайт. Дүйнө жүзүндө мындай оору менен жабыркаган 50гө жакын адам катталган.

Он үч жаштагы Лалитти мектепте бардыгы тааныйт. Бирок көчөдөн тийишкендердин да саны арбын. Бала өзүнүн келбетине көнүп, мындай тийишкендерге капа болбой тургандыгын билдирген, деп жазат The Daily Mail.

Келечекте ал полиция кызматкери болуп, адамдарга жардам берүүнү кыялданат.

Пикир

Оставить комментарий