• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Индияда жаштар никеге туруудан мурун ВИЧке тестирлөөдөн өтүүсү милдеттендирилиши мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 09.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Индиянын туристтер арасында белгилүү болгон Гоа штатынын бийлиги келечекте жаш түгөйлөр никеге туруудан мурун ВИЧке тестирлөөдөн өтүүсүн милдеттендирет. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

"Биз Гоа штатында ВИЧ илдетине болгон тестти никеге туруудан мурун өтүүсүн милдеттүү түрдө болуусун атайылап кылып жатабыз. Учурда бул тесттен өтүү жаштардын каалоолору менен болууда", - деп IANS агенттигине аталган штатынын саламаттык сактоо министри Вишваджит Ране билдирди.

Анын айтымында, мындай демилге коомдук талкууга 2006-жылы алынып чыккан. Бирок, Юстиция министрлигинин бир катар өкүлдөрү колдобой койгондуктан мыйзам катары кабыл алынган эмес.

"Эгер азыр да алардын уруксатын ала албай калсак, анда биз мыйзам чыгаруу ассамблеясына мыйзам долбоорун сунуштайбыз. Бул долбоор 15-июлда иштелиши мүмкүн.", - деп министр кошумчалап кетти.

Белгилей кетсек, ЖМКлардын маалыматына ылайык, Индия ВИЧ илдетине кабылгандар боюнча 3-орунда турат. ( дээрлик 2,1 миллион адам). 2-орунда Түштүк Африка (7,1 миллион адам), 1-орунда Нигерия (3,2 миллион адам).

Пикир

Оставить комментарий