• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Иркутск шаарында КР жаранына келтирилген 246 миң рубль зыян төлөнүп берилди

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Россиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, КРнын РФдагы элчилигинин Иркутск шаарындагы канцеляриясынын көмөгү менен айрым адамдардын алдамчылык аракеттеринин натыйжасында КР жарандарына 246 миң рубль өлчөмүндө келтирилген материалдык зыян компенсацияланды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР жарандары канцелярияга бейтааныш адам өзүн РФнын компетенттүү органдарынын биринин кызматкеримин деп тааныштырып, белгилүү бир акы үчүн Россиянын жарандыгын алуу жана убактылуу каттоого турууга жардам берүүгө убада берип, алдап кеткендигин айтып кайрылышкан. Ал адам убадасын аткарбай, качып, жарандардан мурда алынган каражаттарды кайтаруудан баш тарткан. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аракеттерде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча процессуалдык чечим кабыл алынган.

Канцелярия КР жарандарынын арыздарынын негизинде, Иркутск облусунун прокуратурасына бул материалдын алкагында мурда кабыл алынган чечим боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн кайрылган.

Өз кезегинде Иркутск облусунун көзөмөлдөөчү органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча прокурордун жообуна карата чаралар көрүлдү. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча мурда кабыл алынган чечимдер жокко чыгарылып, РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 2-бөлүгү ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүнүн алкагында кылмыштуу аракеттердин натыйжасында келтирилген материалдык зыян толугу менен төлөнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий