• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен 9 жашар бала 5 күндөн бери дайынсыз

Кырсык 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясына 2009-жылы туулган К.Б., атту бала түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында болжол менен саат 14:00дөр чамасында бала дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Кечээ, 10-декабрда баланы издөө иштерине жалпысынан 15 адам тартылган - куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар.

ӨКМден кабарлашкандай, азырынча сууга чөккөн бала табыла элек, издөө иштери бүгүн уланат.

Пикир

Оставить комментарий