• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Калемгерлер арасында "Алтын калем" улуттук сыйлыгына сынак жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги КР Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте калемгерлер арасында "Алтын калем" улуттук сыйлыгына сынак жарыялайт.

Ведомстводон билдиришкендей, бул сынак акыркы жылдары Маданият министрлигинин колдоосу менен Улуттук жазуучулар союзу тарабынан үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Сынактын максаты кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн, кыргыз тили баа жеткис байлыгыбыз экенин даңазалоо, кыргыз тилинде чыгарма жараткан акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларын аныктоо, калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

Сынактык чыгармалар 2023-жылдын 20-ноябрына чейин кабыл алынат. Чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо 25-ноябрдан 10-декабрга чейин жүргүзүлүп, жыйынтык 12-декабрда чыгарылат.

Сынакка катышуунун шарттары:

- Кыргызстандын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги чыгармалар кабыл алынат;

- катышуучулардын жаш курагы чектелбейт;

- сынакка катышуу үчүн авторлор конкурстук иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени сынактын чыгармаларын кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырышы керек.

Сынакка арыздарды электрондук почта аркылуу adabiyat.kg@gmail.com дарегине “Конкурска” деген белги менен жөнөтүү керек, эгерде кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт. Дареги: Эркиндик бульвары 54. Толук маалымат алуу үчүн байланыш номерлер: 0312 62 39 24, 0708 50 28 80.

Пикир

Оставить комментарий