• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегаты жөнүндө мыйзам ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 14-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты кубаттуулугу 120МВт Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү жолу менен иштеп чыгуучу кубаттуулукту арттыруу.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында Камбар-Ата ГЭС-2 кубаттуулугун 240 МВт чейин жеткирүү күтүлүүдө, анын аркасы менен Токтогул суу сактагычынан кыш мезгилинде суунун өтүшүн 1,4 млрд м3 азайтууга жана иштеп чыгуучу энергиянын көлөмүн 1,019 млрд. кВтч, анын ичинде жазгы-жайкы мезгилде 0,864 млрд. кВтч чейин, күзгү-кышкы мезгилде - 0,155 млрд. кВтч чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий