• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кандай сүт адамдын организминин картаюусун жайлатат? Адистин кеңеши

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Майлуулугу аз уй сүтүн ичкен адамдардын организми жай картаярын АКШнын Бригам Янг атындагы университетинин адистери аныкташты. Адистердин илимий иши Oxidative Medicine and Cellular Longevity журналында жарыяланды.

Университеттин профессору Ларри Такеранын жетекчилиги астында жашы 18ден жогорку 5834 америкалык жарандын маалыматы изилденүүгө алынган. Алардын бир тобу 1% майлуулугу бар же такыр майы жок сүт ичишсе, экинчи тобу 2% же андан жогорку майлуулугу бар сүт колдонгон.

Изилдөөнүн жыйынтыгында майдын ар бир кошумча пайызы үчүн адамдын организми картаюуга дуушар болорун изилдөөчүлөр байкашкан.

Пикир

Оставить комментарий