• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Каракол шаарындагы базарлардын шарттарын жакшыртуу зарылдыгы айтылды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Абдыкадыров Каракол шаарынын базар ээлерин кабыл алды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Эмилбек Абдыкадыров базар жетекчилери менен жолугушууда Каракол шаарынын жергиликтүү базарларындагы шарттарды тез арада жакшыртуу зарылдыгын билдирди

«Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана базарларды жакшыртуу – приоритеттүү милдет. Учурда ишкерлердин эффективдүү иш алып баруусу жана кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү алдыга койгон максатыбыз», - деп баса белгиледи ал.

Облус башчы Каракол шаарына келген меймандарга жана туристтерге жагымдуу шарттарды түзүүгө арналган долбоорлорду колдоого аларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий