• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Карылар үйүндө жашаган Айымбүбү апа: Уулумду сагындым, экөөбүздү качан кошосуң деп кудайдан сурайм

Коом 0


Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда статистика боюнча ар бир 8чи пенсионер жалгыз бой жашайт. Мындай көрсөткүчтүн себептеринин бири ички жана тышкы миграциянын өсүшү жана өлкөдөгү азыркы экономикалык абал.

Алсак, Төмөнкү Серафимов карылар жана майыптар үйүндө учурда дээрлик 350 адам жашайт, алардын ичинен 168и ар дайымкы кароого муктаж.

Мекеменин жетекчиси Бактыбек Жунушевдин айтуусунда, үч корпустагы жатак жайлар болгону 500 адамга ылайыкташтырылган.

“Бул жактагылардын ичинен 200гө жакыны жакын туугандары жок жалгыз калгандар. Калган 150 кары-картаңдын балдары келип көрүп турушат, майрамдарда туугандары алып кетишет”, - деди Жунушев.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова балдар өз ата-энелерин мындай жайларга таштап кеткендин эч жаман жери жок дейт

“Көпчүлүгү ата-эненин алдында жоопкерчиликти сезишет, бирок ар дайым эле өз милдеттерин аткара алышпайт. Акча табуу керек, айрымдары жумушка көп убактысын коротушат, кээ бирлери мигрант болуп сыртка кетүүгө мажбур. Ата-энелер үйдө жалгыз калышат, алар эмне жеп, эмне ичишет бир кудай билет. Менимче бул жерде алар жакшы шартта жашашат, 3-4 маал тамак-аш. Алар (карылар) өз ара бири-бири менен сүйлөшкөнгө мүмкүндүк алышат”, - деп билдирди өз оюн министр.

Айымбүбү Жумабаева 70 жашта, бул жерде дээрлик он жылдан бери жашайт. Жалгыз уулу Курманбек көп жыл мурда сууга чөгүп каза болгон. Бирок сөөгү табылган эмес.

Айымбүбү апанын айтымында, баласы “Кубантайдын” учкуч болсом деген кыялы бар эле, мыкты окуп, үй-бүлөнүн сыймыгы болгон.

Айымбүбү апа ар күнү кудайдан мени балам менен качан кошосуң деп сурайт.

Пикир

Оставить комментарий