• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда акыркы сутка ичинде 2 миң 16 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 16 кишиден аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 678, Алматы шаарында - 253 Шымкент шаарында – 103, Акмоло облусунда – 48, Актөбе облусунда - 56, Алматы облусунда - 53, Атырау облусунда - 89, Чыгыш-Казакстан облусунда – 71, Жамбыл облусунда – 25, Батыш-Казакстан облусунда - 126, Караганда облусунда - 302, Костанай облусунда - 47, Кызылорда облусунда - 14, Мангистау облусунда - 50, Павлодар облусунда - 56, Түндүк-Казакстан облусунда - 13, Түркестан облусунда – 32 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 423 миң 137 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий