• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда мамлекетке 11 млн доллар зыян келтирүүгө шектелген браконьерлер кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Кызылордо облусунда браконьерлер 5 млрд теңге (11 млн доллардан ашык) зыян келтирүүгө айыпталып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, 8-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин Кызылордо боюнча департаменти облустук прокуратура менен биргеликте бөкөндөрдү мыйзамсыз кармаган жана мүйүздөрүн саткан кылмыштуу топту колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзгөн. Анын алкагында криминалдык схеманы уюштурган эки киши кармалган. Алардан жалпы салмагы 500 килограммга тете бөкөндүн 2347 мүйүзү алынган. Бул үчүн браконьерлер 1174 бөкөн өлтүрүшкөн. Мамлекетке келтирилген чыгым 5 млрд теңге деп бааланган.

Шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралып, камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий