• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Казакстандын президенти Ноорузду Самаркандда тосту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 22.03.18 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Өзбекстандын президентинин чакыруусу боюнча Самаркандга барды. Бул тууралуу Өзбекстан башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстан менен Казакстандын президенттери эки мамлекеттин кызматташуусунда жетишилген деңгээлге жогорку баа беришип, аны мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.

Эки өлкөнүн башчылары акыркы жылы аймактын өлкөлөрүнүн, анын ичинде Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер кыйла жакшырганын белгилешти. Чек арадан өтүү процедураларынын жөнөкөйлөтүлүшү өлкөлөрдүн элдерин кыйла жакындатып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканы тууралуу сүйлөшүүлөрдө айтылды.

Президенттер Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов коюлган Хазрати Хизр мемориалдык комплексине барышты. Шавкат Мирзиёев жана Нурсултан Назарбаев Өзбекстандын тунгуч президентинин элесине таазим кылышты.

Эки өлкөнүн лидерлери Самарканддын ажайып жайларын көрүп чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий