• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Казакстандын президенти өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн билборддорду сындады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Актау шаарында өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн 14 билборддорду орнотуу чечимин сынга алды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.

"Менин пикиримде, бул таптакыр орунсуз, мен мындай пропагандага муктаж эмесмин. Мынчалык административдик аракеттин эмне кереги бар", - деди Токаев.

Токаев коюлган билборддордо Назарбаевдин учурундагы өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу маалыматты чагылдырууну тапшырды.

Маалым болгондой, 19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кеткен.

Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети Касым-Жомарт Токаевге жүктөлгөн.

Эми Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий