• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кеминде 50 баштан ашык жылкынын жоголушу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө - Чүй ОИИББ

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кемин районунда 50 баштан ашык жылкынын жоголушу боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-октябрь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1974-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Боролдой айылында жайгашкан Коңур жайлоосунан белгисиз себептерден улам 17 баш жылкысы жоголуп кеткенин билдирген.

"Алынган маалыматтын негизинде, дароо окуя болгон жерге Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Жогорудагы факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталган.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 2-ноябрь күнү Кемин РИИБүнө Бишкек шаарынын жашоочусу 1973-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран арыз менен карйрылып, Боролдой айылында жайгашкан Кара-Баткак жайлоосунан 22 баш жылкысы жана 15 баш кулуну белгисиз себептерден жоголуп кеткенин билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Дароо Кемин РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарек боюнча чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында арыз ээси суралып, ал 70 баштан ашык малы бар экенин айтып, анын жарымы Боролдой айылындагы сарайда ал эми калганы Кичи-Кемин айылында малчылар тарабынан каралаарын билдирген.

Ал эми малдардын жоголушу боюнча 2021-жылдын 1-ноябрь күнү ага малчысы телефон аркылуу 22 баш жылкы жана 15 баш кулундары жоголгонун билдиргени маалым болгон.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жоголгон малдарды издөө боюнча зарыл болгон ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Кемин районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун шаардык-райондук милиция бөлүмдөрүнө жоголгон малдар боюнча багыттамалар жөнөтүлүп, андан сырткары Нарын облусунун Кочкор районундагы жана Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарларда ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан мал жоголгон жайлоолор тегиз каралган.

Учурда сотко чейики өндүрүш иштери улантылууда.

Белгилеп кетүүчү жагдай, сотко чейинки өндүрүш учурунда мал жоголгон биринчи жана экинчи факты боюнча бир канча убакыттан кийин малдын жоголгону билинүүдө жана жайыттагы малдарды кайтаруу өз деңгээлинде жүрбөгөндүгү маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий