• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кеминде тыюу салынган жаныбарга мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Кеминде тыюу салынган жаныбарга мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Кемин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана аңчы адиси НАБУнун (Германиянын жаратылышты коргоо моюзу) Барс тобунун кызматкерлери менен биргеликте Көк-Ойрок айылынын Долон-Оту коктусунан К.А. аттуу жаранды кармашкан.

Анын убактылуу турак-жайынан уруксат документтери жок жапайы тоо текенин жарым эти жана ИЖ-12 үлгүсүндөгү бир стволдуу мылтык табылган. Ага карата тиешелүү акт жана протокол түзүлүп, мыйзамга ылайык айып салынган.

Жаратылыш министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгы Кемин районунун аймагында 2018-жылдан бери айрым жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынганын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий