• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө “Коопсуз шаар” боюнча аукциондун жеңүүчүсүн аныктоонун жолдорун табууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорунун аукциону боюнча маалымат менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуядан кийин дароо бул тууралуу кабардар болгон.

“Премьер-министр кыска мөөнөттүн ичинде жеңүүчүнү тез аныктоо үчүн вариантты карап чыгууну сунуштады”, - деди Шатемиров.

Ошондой эле ал комиссия жаңылана турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий