• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өкмөт Жашыл өсүүнүн глобалдык институтун түзүү Макулдашуусуна кошулуу чечимин кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жашыл өсүүнүн глобалдык институтун уюштуруу жөнүндө Макулдашууга кошулуу чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү стратегиялык документтерде белгиленген артыкчылыктуу багыттардын бири.

Өкмөт башчынын тапшырмасы менен “Рио-де-Жанейро шаарында 2012-жылдын 20-июнунда кол коюлган Жашыл өсүүнүн глобалдык институтун уюштуруу жөнүндө Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорлору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыгып, кароого киргизилген. Документ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилген.

Жашыл өсүү глобалдык институтунун штаб-квартирасы Сеул шаарында жайгашкан. Бириккен Улуттар Уюмунун мурунку Баш катчысы Пан Ги Мун уюмдун Кеңешинин төрагасы болуп саналат.

Акыркы эки жыл ичинде институт имшердүүлүгүн жүргүзгөн өлкөлөрдө 1 миллиард АКШ долларынан ашуун инвестицияларды иштетүүгө жардам көрсөткөн.

Азыркы учурда 28 өлкө Жашыл өсүү лобалдык институтун түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялаган. Европа Биримдиги жана дагы 18 мамлекет Глобалдык институтка кошулуу ниетин формалдуу билдирүү менен Башкы директорго кат жөнөтүшкөн. Институт дагы 27 өлкө жана регионалдык интеграциялык уюмдар, анын ичинде Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы жана Түркмөнстан менен өз ара аракеттешүүнү баштады.

Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун өлкөбүздөгү уюмдун ишин координациялоо үчүн жергиликтүү өкүлчүлүктү ачууну камтыйт, бул жашыл экономика тармагындагы өлкөнүн эл аралык макамын күчтөндүрөт.

Азыркы учурда 2019-2023-жылдарга жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын иштеп чыгуу жана макулдашуу жүрүүдө. Келечекте аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ири финансы, эксперттик-аналитикалык жана башка ресурстарды тартуу талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий