• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өкмөттүн бүгүнкү күндөгү негизги максаты бюджетти дефицити жок бекитүү – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Өкмөттүн бүгүнкү күндөгү негизги максаты бюджетти дефицити жок бекитүү. Бул тууралуу КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө өкмөттүн "мойнунда" 27 жылдан бери топтолуп калган көйгөйлөр турат.

“Баары көрүп тургандай, өкмөттө чек ара, энергетика, тоо кен жана башка чөйрөлөр боюнча маселелер турат. Биз үн катпастан иштеп жатабыз, бул туура. Биз кандай көйгөйлөр бар экендигин билдик, эми реформа жүргүзүшүбүз керек. Өкмөттүн максаты - бюджетти дефицити жок бекитүү, фискализация боюнча маселелерди чечүү, мугалим жана дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүү”, - деди ал.

Абылгазиев Кыргызстан реформаларга даяр деди.

“Абактарда эмне болуп жаткандыгын карагылачы. Ал жактарда мамлекеттик башкаруу таптакыр иштеген жок. Ал жакта бир нече топтор иштеп, ошондон акча таап жатышат. Өзгөчө кырдаалдар боюнча да негативдүү абал түзүлгөн. Өзгөндө жыл сайын суу жээктерин жууп кетет. Биз аны дайыма карап эле турабыз. Мен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көчкү түшкөнчө күтпөй, алдын ала чараларды көргүлө деп айткам”, - деп кошумчалады өкмөт башчысы.

Пикир

Оставить комментарий