• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Намазалиев Алтынбек Адбисаламович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тийиштүү буйрукка мурда ээлеген кызматынан бошотуп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий