• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Колопов ИИМдин Республикалык окуу борборунда адам укуктары боюнча лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. КР Акыйкатчысынын орун басары Альберт Колопов ИИМдин Республикалык окуу борборунда адам укуктары боюнча лекция окуду. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 73 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары А.Колопов жана жарандык-саясий укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана аскер кызматкерлердин укуктарын коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Осмонова Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун курсанттарына адам укуктары жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ишмердүүлүгү жөнүндө лекциялык сабак түрүндө маалымат беришти.

Атап айтканда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, укук коргоо органдары тарабынан кыйноолорду колдонбоо жана балдардын жана аялдардын укуктарынын сакталышы боюнча кеңири сөз болду. Ошондой эле адам укуктарынын эл аралык ченемдери жана стандарттары боюнча да маалымат берилди. Лекциянын жүрүшүндө келип чыккан бардык суроолорго КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Альберт Колопов тарабынан жооп берилди.

Пикир

Оставить комментарий