• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кореялык делегация Кыргызстанда биринчи жолу мобилдик кинофестиваль уюштурду

Маданият 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Кыргызстанга тажрыйба алмашуу жана Эл аралык мобилдик киновестивал өткөрүү үчүн Түштүк Кореянын Кёнсангбук-до провинциясынан делегация келди.

"Ханин Ильбо" газетасынын директору Чонг Санг Жун "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйнында билдиргендей, кореялык делегация кыргызстандык кесиптештерди "Метаверс" платформасы менен тааныштыруу үчүн келген. "Мындай иш-чара Борбор Азияда биринчи жолу өтүп жатат. Делегациянын мүчөлөрү Бишкекте өткөн эл аралык мобилдик кинофестивалга катышты", - деди ал.

Өз кезегинде Кёнсангбук-до провинциясынын эл аралык элчиси Чэ Джин Вон Кыргызстандын керемет жаратылышын белгилеп, өлкөдө болгонуна кубанычта экенин белгиледи. "Мени кыргыздардын тышкы көрүнүшүнөн корейлерге окшоштугу таң калтырды. Биз телефондо тартылган кинолордун фестивалына катыштыкю Андан тышкары, быз Кыргызстан менен кино тармагында гана эмес, башка чөйрөдө дагы кызматташууну бекендөөнү пландап жатабыз", - деди ал.

"Метаверстин" инновация бөлүмүнүн жетекчиси Ли Джон У аталган провинция "Метаверстин" борбору болуп саналарын билдирди. "Биз "Метаварстин" адистерин, инфраструктурасын жана экосистемасын даярдайбыз. "Метаверстин" аянтында жумушчу орундар, андан тышкары "GB Metaport" платформасы түзүлгөн. Мен бул багытта виртуалдуулук менен реалдуулук жакындаганда биздин Кыргызстан менен кызматташтыгыбыз кеңейтет деп ишенем", - деди Ли Джон У.

"Метаверс" эл аралык кинофестивалынын аткаруучу директору Шин Чхан Голь провинцияда көптөгөн кинофестивалдар өткөрүлүп турарын, бул окуялардын барын "Метаверсти" бириктирип турарын белгиледи.

"Биздин платформага дүйнөнүн ар кайсы жеринен каалаган колдонуучу кошула алат. Ошондой эле бул платформага кечээ Бишкекте өткөн кинофестиваль дагы кошулду. Платформагда АКШдагы жана Канададагы кинофестивалдарга да барсаңыз болот. Сиз да кошулуп, корей киносун жана башка өлкөлөрдүн тасмаларын көрө аласыз. Платформага киргениңизде метаааламда жылып турган жеке аватар пайда болот", - деп маалымдады ал.

Мындан тышкары, режиссер Чан Чоль Су Борбор Азияда азыр сонун кинолор тартылып жатканын белгиледи. "Кыргызстанда кино өндүрүшүнүн келечеги кең, өлкөдө жогорку сапаттагы даректүү тасмалар тартылып жатат. Кореяда дагы кыргыз тасмаларын көрүш үчүн өз салымымды кошом деп ишенем. Кыргыздар менен корейлер маданий жана руханий жактан жакын болгондуктан, кыргыз тасмалары корей көрүүчүлөрүнүн көңүлүн бурат. Мобилдик кинонун популярдуулугу өсүүдө жана балким жакынкы келечекте уюлдук телефондор кино тартуу үчүн атайын камераларды алмаштырат. Экинчи көчмө тасмалардын фестивалы Бишкекте өтсө, биринчиси буга чейин Кореяда өткөн. Биз азыр уюлдук телефондорго тартылган тасмалардын өнүгүп жатканын көрүп жатабыз жана жакында коммерциялык тасмалар пайда болот", - деди Чан Чоль Су.

"Метаверс" менеджери Нам Хён Дэ келерки жылдын июнь айында провинцияда Кыргызстанда смартфондорго тартылган тасмаларды тартуулай турган кинофестиваль өтөөрүн кошумчалады. "Кинофестивалда кыргыз тасмалары аркылуу Кыргызстандын Кореяда гана эмес, бүткүл дүйнөгө таанылышы жогорулайт. Кыргызстан менен кызматташуубуз маданият тармагында гана эмес, экономика жана башка тармактарда да өнүгөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий