• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

КР Өкмөтү тарабынан Башкы прокуратурага 250 млн сом бөлүнүшү тууралуу жарыялоолорго тийиштүү түшүндүрмө

Өкмөт 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү бир катар маалымат агенттиктериндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 250 млн сом бөлүнүшү тууралуу билдирүүлөргө байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2017-жылы «Альфа-Телеком» ЖАК жана «Brasfortlimited» Компаниясы ортосунда түзүлгөн насыялык келишим боюнча мыйзам бузуу аныкталган жана жыйынтыгында 5 млрд 416 млн сом өлчөмүндөгү мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган. «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, прокуратура органдарына мамлекетке келтирилген зыяндын суммасынын жана прокурордун доо арызы боюнча соттун чечими менен кайтарылган акча каражаттарынын 30 % алуу укугу берилет.

Бишкек шаардык райондор аралык соту 2017-жылдын 4-майындагы чечими менен келтирилген зыяндын 1 млрд 624 млн сом суммасын (30%) прокуратура органдарына төлөп берүү токтомун чыгарган.

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы №415-б буйругуна ылайык, 250 млн сом өлчөмүндөгү сумма Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган.

Буга катар, Башкы прокуратурага иш жүзүндө 47,1 млн сом бөлүнгөн, бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Аталган каражат прокуратура орган кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн, тактап айтканда, административдик имараттарды жана прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматтык турак-жайларын куруу жана оңдоо, форма тигүү, ошондой эле компьютердик техника алууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий