• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КР муфтийи Бакуда өтүп жаткан VI Эл аралык форумга катышууда

Коом 0

Бишкек, 16.03.18 /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында өтүп жаткан «Карама-каршылыктарды аныктоо менен инклюзивдүү коомду түзүү» аталышындагы VI Эл аралык форумга катышууда.

КР муфтиятынан билдиришкендей, форумга дүйнө лидерлери, мурдагы жана азыркы президенттер, өкмөт жана чет өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери, серепчилер жана илимпоздор катышууда.

Маалымат боюнча, үч күндүк форумдун алкагында «Диний жана маданий көп түрдүүлүк», «Күч түшүнүгү: Ири күчтөр жана башкалар», «Жаңы күчтөр», «Аймактык коопсуздук, аймактык тынчтык: Жакынкы Чыгыш», «Балкан аймагы бүгүн жана эртең: аймактык коопсуздук жана жаңы геосаясий шахмат тактасы», «Интернеттин артыкчылыктары жана анын кыйынчылыктарды жаратуусу», «Муундар ортосундагы боштуктар» темалары талкууланмакчы.

VI Эл аралык конференция Низами диаспорасы жана эл аралык борбор менен иштөө боюнча мамлекеттик комитетинин колдоосу менен уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий