• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Самаркандда КМШнын башкы катчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна даярдык көрүүнүн алкагында 13-апрелде Самарканд шаарында (Ташкент) өткөн.

Министр Кулубаев башкы катчыга кыргыз тараптын демилгесин колдогондугу жана Беларусь Республикасынын Минск шаарында көчөт отургузуу акциясына, ошондой эле залкар кыргыз жазуучусунун атындагы паркта Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгынын урматына Клён аллеясын курууга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле шериктештикте кыргыз тараптын төрагалыгынын астында өтө турган алдыдагы иш-чараны өткөрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары тараптар 2023-жылы Кыргызстандын КМШда төрагалык кылуу концепциясын ишке ашыруу үчүн тармактык органдардын кызматташтыгын жигерлентүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий