• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР жана Германия ТИМ башчылары экологиялык дипломатия маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаӊы стратегиясынын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жаңы демилгеси боюнча «Жашыл Борбордук Азия» конференциясына катышуу үчүн министр Ч.Айдарбековдун Берлин шаарына жумушчу сапары башталды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конференциянын ишине Германиянын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Афганистандын тышкы иштер министрлери катышат. Берлин шаарында болгон мезгилде министрдин кыргыз-герман кызматташтык маселелери боюнча бир катар жолугушуулары болот.

2020-жылдын 27-январында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык тышкы иштер министри Хайко Маастын эки тараптуу жолугушуусу болду.

КР президенти С.Жээнбековдун 2019-жылы Германияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланды, ошондой эле региондук өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбордук Азия» демилгесинин алкагында климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн ээриши, курчап турган чөйрөнү жана суу ресурстарын коргоо маселелери боюнча кызматташууга өзгөчө көӊүл бурулду. «Жашыл Борбордук Азия» жаңы демилгеси Европа Бирлигинин Борбордук Азиядагы жаңы Стратегиясына ылайык ишке ашырылат.

Тараптар жогоруда белгиленген Германиянын ТИМ демилгесинин алкагында «жашыл экономика» чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Германиянын 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында Европа Бирлигиндеги төрагалыгын эске алуу менен КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Х.Маасты ушул жылы жайында Кыргызстанда өтө турган ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Жалпысынан, министрлер кыргыз-герман кызматташтыгынын өнүгүү деңгээлине канааттануу билдирип, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий