• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРда 1-сентябрда коомдук транспорт мектеп окуучуларын бекер ташыйт

Коом 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. 1-сентябрда Кыргызстан боюнча коомдук транспорт мектеп окуучуларын бекер ташыйт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын (ЖККККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим ЖККККББнын жетекчилиги менен жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын жетекчилеринин жолугушуусунда кабыл алынган.

“Жолугушуу учурунда балдардын жол-транспорттук жаракат алуусунун профилактикасына өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле 1-сентябрда – Билим күнүндө республика боюнча 1-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары үчүн коомдук транспортто (автобус, маршрутка, троллейбус) жол кире акысыз боло турганы макулдашылды”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мындай акция балдардын жолдогу коопсуздугуна ЖККККББнын кызматкерлери жана коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан көңүл бурдурууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий