• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРдин грек-рим күрөшү боюнча курамасы Иранда турнирге катышууда

Спорт 0

Бишкек, 25.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча кураманын мүчөлөрү Иранда престиждүү эл аралык Takhti Cup кубогунун турнирине катышууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигини басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турнир 25нен 26-январь күндөрү Махшехр (Иран) шаарында өтөт. Грек-рим күрөшү боюнча Takhti Cup кубогунун турнири 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет. Кыргызстандын курамасы аталган спорттук иш-чарага биринчи жолу катышууда.

Турнирде КРдин 11 спортчусу катышууда. Курама спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 780 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий