• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КТРК КБК жаңы төрагасы Жыпар Жекшеев болду

Коом 0

Бишкек, 22-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КТРК Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы катары Жыпар Жекшеев шайланды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КТРК башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

Ал Жогорку Кеңеш буга чейин коомдук кеңештин жаңы курамын бекиткендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматты Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева ээлеп келген.

КТРК Байкоочу кеңешинин регламентине ылайык, төрага бир жылга кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.

Пикир

Оставить комментарий